Бүгүн, 2026-жылдын 24-майында, Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Т. Усубалиев атындагы аянтта «Tay Kuluk Shoro Kids Run» аттуу масштабдуу балдардын чуркоосу болуп өттү.
Спорттук иш-чара 2 жаштан 16 жашка чейинки 2500дөн ашык катышуучуну чогултуп, борбор калаанын эң кызыктуу үй-бүлөлүк иш-чараларынын бирине айланды.
Иш-чаранын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты. Ал жаш спортчуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, балдарга жеңил старт, жакшы манай жана жаңы жеңиштерди каалады.
«Шаарыбыздын көчөлөрүндө чуркоого бир гана чоңдор эмес, балдар дагы чоңдордон жакшы үлгү алып, ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн шарттарды түзүү абдан маанилүү. Ата-энелерге терең ыраазычылык билдиргим келет. Балдарыңардын демилгелерин ар дайым колдоп, алардын жанында болуп, жакшы үлгү көрсөтүп, сергек жана активдүү жашоо образына үйрөтүп жатканыңыздар үчүн рахмат», - деп баса белгиледи Виктория Мозгачева.
Жарыштын старты жаш курагы боюнча уюштурулуп, ар бир катышуучуга өз аралыгын ыңгайлуу жана коопсуз басып өтүүгө мүмкүндүк берди.
Коноктор жана көрүүчүлөр үчүн бай майрамдык программа даярдалды. «ENERGY BEAT» барабанчылары жана «Шаттык» бий ансамбли сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүштү, ал эми «Келечек» тобу COOL STUDIO бий студиясы менен биргеликте «Жаштык кез» ырын аткарышты.
Старт аянтчасында фуд-корт, оюн аянтчалары, аквагрим аянтчалары, аниматорлор жана балдар үчүн салттуу оюндар болду.
Коомдук тартипти милиция кызматкерлери ошондой эле иш-чара учурунда тез жардам бригадалары да нөөмөттө турушту.
















