Бүгүн, 2026-жылдын 24-майында, «Алга» спорт комплексинин базасында салтка айланган «Атам, апам жана мен – дени сак үй-бүлө» аттуу үй-бүлөлүк спартакиаданын шаардык этабы өткөрүлдү. Мелдешке райондук этаптарда жеңишке жетишкен ата-энелерден жана балдардан түзүлгөн командалар катышты.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты. Ал өз сөзүндө мындай спорттук иш-чараларга катышууну каалагандардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын белгилеп, бул өсүп келе жаткан муун үчүн жакшы үлгү болуп, сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Ошондой эле Виктория Мозгачева райондук этаптардан өтүп, шаардык баскычка чыгуу ар бир үй-бүлө үчүн чоң жетишкендик экенин белгилеп, катышуучуларга таза атаандаштыкты жана жакшы маанай каалады.
«Силер өз үлгүңөр менен өжөрлүктү, күчтүү эркти көрсөтүп, жакындарыңарды жана айланаңардагыларды сергек жашоо образына жана спорт менен машыгууга үндөп жатасыңар. Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы кесипкөй жана сүйүүчүлөр спорту үчүн шарттарды түзүү максатында спорттук инфраструктураны этап-этабы менен өнүктүрүүдө. Бүгүнкү күндө борбор калаада жаңы спорттук объектилер курулуп, учурдагы аянтчалар жаңыланууда. “Жаштык” аренасы сыяктуу объектилер эл аралык мелдештерди кабыл алууда. Ал эми бүгүн биз турган “Алга” спорттук комплекси кыйла жаңыланып, ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан заманбап жайга айланды. Мындан ары шаар боюнча этап-этабы менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу пландалууда. Бул ар бир райондун тургундарына спорт менен кадам сайын жеткиликтүү шартта машыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул маселе шаар жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө», — деп белгиледи мэрдин орун басары.
Мелдешке Бишкек шаарынын төрт районунан 8 команда катышты. Үй-бүлөлөр спорттук жана улуттук оюн түрлөрү боюнча күч сынашты: кыска аралыкка чуркоо, секирмек менен секирүү, стритбол, мүшөк менен секирүү, мык кагуу, «Чүкө» (үч тапан) оюну жана аркан тартыш.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун - Биринчи Май району, «Шумкар» командасы - башкы байге: муздаткыч;
2-орун - Ленин району, «Биримдик» командасы - кир жуугуч машина;
3-орун - Свердлов району, «Бүркүт» командасы - телевизор.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, диплом жана медалдар менен сыйланышты. Ошондой эле спартакиаданын бардык катышуучуларына эстелик белектер тапшырылды.
Иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болду.
Спартакиада Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасын ишке ашыруу, сергек жашоо образын жайылтуу, үй-бүлөлүк спортту өнүктүрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана ата-энелер менен балдарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу максатында өткөрүлдү.


























