2026-жылдын 23-майында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында "VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына  100 күн калды" электрондук тактасын расмий ишке киргизүү аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана дүйнөгө таанытуу багытындагы өзгөчө маанилүү долбоор экенин белгиледи.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул биздин маданиятыбыз, тарыхыбыз жана дүйнөгө Кыргызстанды тааныткан мурасыбыз. Биз ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган улуттук оюндарды кайра жандандырдык. Бүгүн Кыргызстан спорттук дипломатиянын эл аралык борборуна айланып жатат. Өлкөдө Борбор Азиядагы эң ири стадион ачылат. Дал ошол стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы өтүп, андан соң оюндар Ысык-Көлдө улантылат», — деди ал.

Майрамдык программа оркестр жана хордун коштоосундагы ири концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле бий жана фольклордук ансамблдер өнөр көрсөтүп, кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары Гульзада Рыскулова, Токтобек Асаналиев, Аксай Мукамбет уулу, Курал Чокоев, Рыскелди Старбеков, Виктория Алябьева, Каныкей Алымбекова жана Мирбек Атабеков сахнада өнөрлөрүн тартуулашты.

Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн иш-чара чоң шаардык open-air кичи-фестиваль форматында уюштурулду. Аянтта этноспорттук интерактивдүү аянтчалар, тематикалык фотозоналар, фуд-корттор жана ар кыл маданий-көңүл ачуучу программалар сунушталды.

Артка саноочу сааттын ишке кириши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө арналган бир катар иш-чаралардын расмий башталышын белгиледи – бул эң ири эл аралык этномаданий жана этноспорттук иш-чаралардын бири.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт.