2026-жылдын 22-майында борбор калаанын муниципалитетинде Рамиз Алиев төрагалык кылган жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө жолдорду жана тротуарларды оңдоо, жашылдандыруу жана жеке мобилдүү каражаттарды (ЖМК) – электр самокаттарды, велосипеддерди жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонууну жөнгө салуу маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин көрсөтмөсү менен жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- Электр самокаттардын максималдуу ылдамдыгын 15 км/саатка чейин азайтуу;
- Сары белгилер менен белгиленген атайын токтотуучу жайларды белгилөө;
- Үч сааттан ашык убакытка токтотуучу жайлардын сыртында калган самокаттарды эвакуациялоо;
- ЖКК жабырлануучуларына компенсация төлөө менен милдеттүү түрдө үчүнчү тараптын камсыздандыруусун киргизүү.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында буга чейин эле 64 чакырым веложол тилкелери түшүрүлгөн. Велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү иштери мындан ары да улантылат.
Кикшеринг компанияларынын өкүлдөрүнө колдонуучуларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата чара көрүү сунушталды.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого жана жол кыймылынын бардык катышуучуларына сый-урмат менен мамиле кылууга чакырат.







