Бүгүн, 2026-жылдын 25-майында, №31 «Баластан» ясли-бакчасы мекемесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Биринчи Май райондук билим берүү башкармалыгынын начальниги А.Б. Асанов жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин адиси П.Д. Бакирова катышты. Алар өз сөздөрүндө өсүп келе жаткан муунга улуттук тарбия берүү, каада-салттарды сактоо, мекенчилдик сезимди калыптандыруу жана кыргыз элинин руханий мурасына урмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Майрамдык программа жогорку деңгээлде уюштурулду. Тарбиялануучулар улуттук көргөзмөлөрдү жана чыгармачылык номерлерди тартуулашты. Иш-чаранын алкагында «Байчечекей» ыры жаңырып, «Манас» эпосунан үзүндү көрсөтүлдү. Ошондой эле балдар улуттук бийлерди бийлеп, кыргыз элинин «Бешикке салуу» жөрөлгөсүн сахналаштырышты.
Мындан тышкары, улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулуп, макал-лакаптар жана акындардын айтышы аркылуу улуттук салтты сактоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана мекенчилдикке тарбиялоо идеялары чагылдырылды.
Иш-чаранын соңунда мындай маданий-тарбиялык саамалыктар жаш муундардын улуттук аң-сезимин калыптандырууда, кыргыз элинин руханий мурасын сактоодо жана мекенчил жаштарды тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.




