2026-жылдын 28-майында саат 10:00дөн 00:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов проспекти – И. Ахунбаев көчөсү – Ш. Руставели көчөсү – А. Баатыр көчөсү – Джунусалиев көчөсү – Грибоедов көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсү – Коперник көчөсү – Курчатов көчөсү – Ташауз көчөсү – Айни көчөсү.
Суу берүү Шота Руставели көчөсүндөгү Д= 300мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
