"Energy Flow 30" 30 күндүк коомдук дене тарбия марафонуна катышуу үчүн арыз берсеңиз болот.
Демилге Борбордук Азиянын Регионалдык Жаштар Тармагы (RYNCA) тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте ишке ашырылууда.
Долбоор өлкөнүн бардык аймактарындагы жаштардын башын бириктирип, сергек жашоо образын калыптандырууга, тартипти, мотивацияны өнүктүрүүгө жана жаштарды позитивдүү, коомдогу активдүү иштерге тартууга багытталган.
Чакырыктын алкагында катышуучулар 30 күн бою физикалык көнүгүүлөрдү жасашат, жетишкендиктерин жазышат жана натыйжалары менен бөлүшүшөт, ошону менен туруктуу дени сак адаттарды калыптандырышат.
Демилгенин негизги максаты жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, алардын потенциалын өнүктүрүү, спорт менен машыгуу жана активдүүлүкө тартуу аркылуу терс коомдук көрүнүштөрдөн алдын алуу болуп саналат.
Эң активдүү катышуучуларга долбоордун уюштуруучулары жана өнөктөштөрү тарабынан белектер, анын ичинде фирмалык футболка, худи, рюкзак, «RARITET» китеп дүкөнүнүн сертификаттары жана башка баалуу белектер берилет.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 30-майы, 23:59.
Каттоо формасына шилтеме: https://forms.gle/T2WrbvZLyKK7Fz1j9
Долбоор тууралуу толук маалымат: https://www.instagram.com/p/DYZlDtnCsLN/?igsh=MTY5anVxOW02ZHE5ag==