2026-жылдын 28-майында саат 09:00дөн 23:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Куланак көчөсү – Молдокулов көчөсү – Куйручук көчөсү – Ахунбаев көчөсү.

Ичүүчү суу Д-225 мм болгон суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө  байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан,  тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.