Дананг шаарында (Вьетнам) грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты өтүп жатат, анда спортчулар континенттин эң күчтүүсү наамы үчүн күч сынашууда.
«Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Бердугулов Нурдоолот (55 кг салмак категориясы) Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп, чемпионаттын күмүш медалын жеңип алды.
Спортчу финалга чыгуу үчүн бир катар беттештерди өткөрдү. Биринчи раундда ал өзбекстандык Хожиакбару Кучкаровго 1:11 эсебинде утулуп калган. Бирок, кийинки беттештерде Нурдөөлөт мүнөзүн жана өзүнө болгон ишенимин көрсөтүп, иорданиялык Ахмад Махмудду (3-1) жана индиялык Нираж Пателди (3-1) эсебинде жеңип, финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.
Чечүүчү беттеште спортчу кайрадан Хожиакбар Кучкаров менен беттешип, 1:7 эсебинде утулуп, жыйынтыгында 2-орунду ээлеп, Азия чемпионатында күмүш медалды жеңип алды.



