Бүгүн, 2026-жылдын 26-майында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №1 мектеп-интернатына барып, окуучулар үчүн класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу жана практикалык окутуулар менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп балдардын эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, кесиптик багыт берүүгө жана практикалык көндүмдөргө багытталган иштерди көрсөттү.
Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары инкубаторду колдонуу менен жөжө багуу, жашылча өстүрүү, гумус өндүрүү менен алектенишет, ошондой эле чач тарач жана тигүүчүлүк өнөрүнүн негиздерин өздөштүрүшүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө мындай практикалык сабактар балдардын өз алдынча болуп, жоопкерчилигин жана жашоого керектүү пайдалуу көндүмдөрүн калыптандырууда маанилүү ролду ойноору белгиленди.
Окуучулар ийримдердин жана өндүрүштүк устаканалардын иштеринин жыйынтыктарын көрсөтүп, өздөрүнүн жетишкендиктери тууралуу айтып беришти. Ошондой эле кошумча билим берүүнү мындан ары өнүктүрүү жана тарбиялануучулардын коомго ийгиликтүү аралашуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча пландары менен бөлүшүштү.
Өз кезегинде мэр мектеп окуучулары менен баарлашып, аларга жашылчаларды өстүрүү боюнча сунуштарды берди, ошондой эле жөжөлөрдү чыгаруу үчүн үй шартында жасалган инкубатор жасоо боюнча кеңештери менен бөлүшүп, балдарга жылуу каалоо-тилектерин айтып, окууларында ийгиликтерди, өздөрүнө болгон ишенимди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев ошондой эле окуучулардын мындан ары өнүгүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатын койду.
Мындай демилгелер балдарды колдоого, алардын потенциалын өнүктүрүүгө жана аларды өз алдынча жашоого даярдоого, аларга теориялык билимдерди гана эмес, практикалык тажрыйбаны да алууга шарт түзүүгө багытталган.
















