Жол коопсуздугун жогорулатуу,  муниципалдык автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында, Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын тескемесине ылайык, 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин саат 9:00дөн 19:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы  28 градус жана андан жогору болгон учурда Бишкек шаарынын муниципалдык автомобиль жолдорунда максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу  автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Чектөө Бишкектеги муниципалдык жолдорго тиешелүү.

Чектөөлөр төмөндөгүлөргө жайылтылбай тургандыгы белгиленет:

- гуманитардык жардам жана тамак-аш азыктары, күйүүчү-майлоочу материалдары бар жүктөргө;
- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү атайын уруксаттын негизинде Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өткөн учурда ири габариттүү жана атайын жүктөргө;  
- автомобиль жолдорун оңдоо, куруу жана күтүү, мамлекеттик жана  коомдук муктаждыктарды чечүү үчүн арналган объекттерди куруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жүктөргө.

Буйрукту ишке ашыруунун алкагында Биринчи Май, Октябрь, Ленин жана Свердлов административдик райондорунун муниципалдык администрацияларына борбор калаанын ичинде жүк ташуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын арасында маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча  Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына  жана Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына ушул  тескеменин аткарылышын камсыз кылууга тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жана транспорт компанияларын убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга жана белгиленген чектөөлөрдү сактоого чакырат.