Бүгүн, 2026-жылдын 26-майында, Бишкек шаарындагы №65 мектептин базасында жалпы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча директорлорунун орун басарлары менен кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу, «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүү учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, майрамдык иш-чаралардан кийин кечки рейддерди уюштуруу, ошондой эле жайкы каникул мезгилинде балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын ИИББнин Коомдук коопсуздук кызматынын жана Бишкек шаарынын ИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Өзгөчө көңүл коомдук тартипти сактоо, коопсуздук чараларын күчөтүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана окуу жылы аяктап жаткан мезгилде билим берүү уюмдарынын администрациясынын жоопкерчилиги маселелерине бурулду.

Мындан тышкары, кеңешменин катышуучуларына бүтүрүү экзамендерин уюштуруу, салтанаттуу линейкаларды, бүтүрүү кечелерин өткөрүү, ошондой эле мугалимдерге белек сатып алуу үчүн акча чогултууга катуу тыюу салынары эскертилди.

Кеңешменин жыйынтыгында билим берүү уюмдарынын жетекчилерине окуу жылын жана жайкы мезгилди коопсуз, уюшкандыкта өткөрүү боюнча тиешелүү сунуштар берилди.