Бүгүн, 2026-жылдын 26-майында, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев иш-чарага катышып, балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бактылуу балалык каалады.
Майрамга 1000ге жакын бала чакырылды, алардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 24 коомдук уюмдун жана реабилитациялык борборлордун окуучулары, үч атайын мектептин окуучулары, 12 адистештирилген бала бакчанын окуучулары, ошондой элеЧернобыль кырсыгына катышкан жарандардын жана интернационалист-жоокерлердин үй-бүлөлөрүнүн балдары катышты.
Коноктор үчүн цирктин куполу астында учууларды, муздагы бий номерлерин жана акробатикалык оюндарды камтыган «Муздагы цирк» аттуу өзгөчө майрамдык программа даярдалды.
Иш-чаранын аягында бардык балдарга таттуу белектер жана балмуздак берилди.
Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, оор жашоо шартында жашаган 7140 бала каттоодо турат, алардын ичинен 18 жашка чейинки 5 657 майыптыгы барлар.
























