2026-жылдын 26-май күнү Бишкек шаарынын мэриясынын «Тунгуч» залында «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасына маалыматтарды киргизүү маселелери боюнча окутуу иш-чарасы өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында уюштурулду.
Окутууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте өткөрүлдү.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга «Санарип аймак» системасы менен иштөө механизмдери түшүндүрүлүп, ошондой эле маалыматтарды толук жана так киргизүүнү камсыз кылуу маселелери каралды.
Өзгөчө көңүл жер тилкесине муктаж болгон жарандардын тизмесин актуалдаштырууга, муниципалдык мүлктү каттоо процесстерин тездетүүгө жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара кызматташуусун күчөтүүгө бурулду.
Мындай иш-чараларды өткөрүү мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну санариптештирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле маалыматтык системалардагы маалыматтардын ачыктыгын, тактыгын жана актуалдуулугун камсыз кылууга багытталган.







