2026-жылдын 24-май күнү Дача-Суу айылынын жанында спорттук багыт алуу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты жана биринчилиги болуп өттү.

Мелдештер Дүйнөлүк спорттук багыт алуу жумалыгына карата уюштурулуп, бул иш-чара дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө спорттун бул түрүн жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында массалык спорттук иш-чаралар менен белгиленет.

Турнирге Бишкек шаарынан 70 спортчу катышып, ар кандай жаш курактык категорияларда күч сынашты.

Өзгөчө көңүл ME (эркектер арасындагы элита) категориясына бурулду. Бул категориядагы катышуучулар карта жана компастын жардамы менен токойлуу, адырлуу аймакта болжол менен 4,5 чакырым аралыкты басып өтүп, 15 көзөмөл пунктун табышы керек болду.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:

W12 (12 жашка чейинки кыздар):
1-орун — Элмбаева Жумагүл;
2-орун — Каримова Айгүл;
3-орун — Исмаилова Камила.

W14 (14 жашка чейинки кыздар):
1-орун — Жекшенбекова Аксанат;
2-орун — Доктурбекова Азиза;
3-орун — Борубаева Амина.

W16 (16 жашка чейинки кыздар):
1-орун — Салиева Айбийке;
2-орун — Умарова Айпери;
3-орун — Ананьева Анна.

WE (аялдар арасындагы элита):
1-орун — Жекшенбекова Альбина;
2-орун — Вдовина Анастасия;
3-орун — Худанова Дарья.

M12 (12 жашка чейинки балдар):
1-орун — Кожошев Азирет;
2-орун — Моськин Тимофей;
3-орун — Табылдиев Эрбол.

M14 (14 жашка чейинки өспүрүмдөр):
1-орун — Элибаев Бектурсун;
2-орун — Раимкулов Абдурасул;
3-орун — Абдылдаев Билал.

M16 (16 жашка чейинки өспүрүмдөр):
1-орун — Арапбаев Сталбек;
2-орун — Маматалиев Нуртилек;
3-орун — Жамалов Дастан.

M18 (18 жашка чейинки өспүрүмдөр):
1-орун — Умоталиев Азирет;
2-орун — Табылдиев Шермамат;
3-орун — Хайруллаев Азамат.

ME (эркектер арасындагы элита):
1-орун — Турдалиев Сергей;
2-орун — Моськин Игорь.

Мелдештин уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын спорттук багыт алуу федерациясы.