2026-жылдын 26-майында, Виктория Мозгачева Бишкек шаарындагы №173 бала бакчасында тарбиялануучулардын ата-энелеринин кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө тамак-ашты уюштуруудагы мыйзам бузуулар, ошондой эле ата-энелер менен иш алып баруудагы кемчиликтер аныкталды. Өзгөчө көңүл санитардык нормалардын сакталышына, берилген тамак-аштын сапатына жана мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги ички көзөмөлдү уюштурууга бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тартиптик чаралар көрүлдү. Мекеменин директоруна катуу сөгүш жарыяланып, ошондой эле ашпозчуну жана ашпозчунун жардамчысын кыска мөөнөттө алмаштыруу тапшырмасы берилди.
Мэрдин орун басары балдардын билим берүү уюмдарындагы коопсуздугун камсыз кылуу жана сапаттуу шарттарды түзүү артыкчылыктуу милдет экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде көзөмөл иш-чаралары туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.

