2026-жылдын 26-майынан 4-июнуна чейин Бишкек шаарындагы «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган V шаардык «Жеткинчек» спорт фестивалы өтүүдө.

26-май күнү фестивалдын салтанаттуу ачылышы болуп, алгачкы мелдештер дзюдо жана шахмат боюнча старт алды. Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты.

Ал өз сөзүндө балдарды алдыда келе жаткан Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, ата-энелерге балдарына күн сайын көрсөтүп жаткан камкордугу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле борбор калаада спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мен бүгүн араңарда келечекте дүйнөлүк деңгээлге чыгып, Кыргызстандын намысын эл аралык аренада татыктуу коргой турган болочок чемпиондор турганына ишенем. Борбор калаанын тургундарын спортко тартуу максатында Бишкек шаарында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасынын алкагында акыркы эки жыл ичинде “Жаштык” аренасы жана “Алга” спорт комплекси сыяктуу заманбап спорттук объектилер курулду. Быйыл дагы ири дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу пландалууда. Бул өз кезегинде дагы көп тургундарды спортко тартууга жана келечектеги спортчуларды тарбиялоого шарт түзөт», — деп белгиледи Канатбек Маматов.

Фестивалдын алкагында жаш спортчулар дзюдо, шахмат, бокс, самбо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, футзал жана таэквондо боюнча күч сынашууда.

Мелдештер балдар жана өспүрүмдөр арасында ар түрдүү жаш курактык жана салмактык категорияларда өткөрүлүүдө. Фестиваль борбор калаадагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана спорттук уюмдардын жаш спортчуларын бириктирип, аларга спорттук чеберчилигин, күч-кайратын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

«Жеткинчек» спорт фестивалы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Фестивалдын уюштуруучусу - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.