Жыл сайын 1-июнда дүйнө жүзүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, борбор калаанын конокторун жана кичинекей бишкектиктерди майрамдык иш-чараларга катышууга чакырат.

Саат 10:00дөн тарта Ала-Тоо аянтындагы фонтан аянтчасында көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат: фотозоналар, кызыктуу сынактар, мастер-класстар, спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук тамак-аштар сунушталган фудкорттор иштейт.

Ошондой эле VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын алкагында саат 17:00дөн тарта Ала-Тоо аянтында чет өлкөлүк катышуучулардын өнөрлөрү көрсөтүлүп, Балдар чыгармачылык борборлорунун концерттери өтөт. Кечинде майрамдык дискотека жана достук кечеси уюштурулат.

Урматтуу шаар тургундары, борбор калаанын коноктору жана жаш бишкектиктер! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырат.