Бүгүн, 2026-жылдын 28-майында, №69 мектептин базасында шаардык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, борбор калаадагы жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана окуучулар катышты.
Белгилей кетсек, олимпиаданын шаардык этабына 89 окуучу катышып, алардын ичинен 61 окуучу 1-, 2- жана 3-орундардын жеңүүчүлөрү болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө жеңүүчүлөр олимпиададагы жогорку жетишкендиктери жана ийгиликтүү катышуусу үчүн ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Мындан тышкары, командалык эсепте эң көп байгелүү орундарды камсыз кылган 7 мектептин директорлору да ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Предметтик олимпиадаларды өткөрүү окуучулардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, таланттуу окуучуларды аныктоого жана колдоого, ошондой эле борбор калаадагы мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.












