2026-жылдын 27–29-майында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда аймак башчыларынын 5-форуму жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин бир тууган шаарларынын жолугушуусу өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин шаарларынын ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган иш-чараларга катышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары менен Кытай Эл Республикасынын Чжэнчжоу шаарынын ортосунда достук  мамилелерин түзүү боюнча Макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга кол коюу эки шаардын ортосунда өз ара кызыкчылык жараткан ар түрдүү тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.