Бүгүн, 2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарына VI Эл аралык балдар фольклордук "Наристе" фестивалына катышуу үчүн делегациялар келе баштады.
Чет элдик катышуучулардын арасынан алгачкылардан болуп Монголиянын делегациясы келди. Алдыңкы күндөрү борбор калаага Беларусь, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Өзбекстан жана Румыниядан келген аткаруучу топтор, ошондой эле Россия Федерациясынын (Якутия Республикасы), Москва, Екатеринбург, Санкт-Петербург жана Пушкин шаарларынын өкүлдөрү дагы келишет.
Белгилей кетсек, VI-Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылышы 2026-жылдын 31-майында Бишкекте өтөт. 2026-жылдын 1-июнунда фестивалда тажрыйба алмашуу, фестиваль кыймылындагы заманбап тенденцияларды талкуулоо жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эл аралык кесиптик платформа болгон III-Бишкек маданият форуму өтөт.
Ошондой эле 2026-жылдын 1-июнунда саат 17:00дө Ала-Тоо аянтында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаадан келген чыгармачыл топтордун катышуусундагы майрамдык концерт өтөт.
Фестивалдын программасында элдик бий жана аспаптык ансамблдердин өнөрлөрү, мастер-класстар, чыгармачыл жолугушуулар, эл аралык конференциялар, тегерек столдор, элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, маданий долбоорлордун презентациялары жана Кыргызстандын тарыхый жана маданий жайларына экскурсиялар кирет.
Маданий программанын алкагында фестивалдын катышуучулары Ала-Арча улуттук паркына да барышат жана борбор калаадагы мектептерде "Дүйнө сабактары" өткөрүлөт.
Фестивалдын бир катар иш-чаралары Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт, анда фестивалдын салтанаттуу жабылышы болот.








