2026-жылдын 28-майында борбор калаа муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев төрагалык кылган Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө окуу жылынын аякташына байланыштуу иш-чараларды уюштуруу жана коопсуз өткөрүү, сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү, ошондой эле Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоо маселелери каралды.
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына борбор калаанын аймагында өтүүчү бардык майрамдык иш-чараларды координациялоо тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине муниципалдык райондук администрациялар жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте шаардагы бардык жалпы билим берүү уюмдарында «Акыркы коңгуроо» иш-чараларын уюшкандыкта жана коопсуз өткөрүүнү камсыз кылуу милдети жүктөлдү.
Ошондой эле жайкы мезгилде балдардын жана өспүрүмдөрдүн эс алуусун уюштурууга көзөмөлдү күчөтүү, өзгөчө балдар аянтчаларынын жана спорттук объекттердин ишине көңүл буруу тапшырылды.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына майрамдык иш-чаралар өтүүчү мезгилде жарандардын көп топтолгон жерлеринде коомдук тартипти сактоо тапшырылды. Бишкек шаарынын ИИББсынын Патрулдук кызмат башкармалыгы салтанаттуу иш-чаралар өтүүчү жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздайт.
Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү башкармалыгына КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана муниципалдык райондук администрациялар менен биргеликте жабык жана ачык бассейндердин ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү тапшырылды. Анда коопсуздук маселелери, техникалык абалы, санитардык шарттары, ишти уюштуруу деңгээли, ошондой эле куткаруучулардын тиешелүү сертификаттарынын болушу изилденет.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына иш-чаралар өтүүчү жерлерде тышкы жарыктандыруунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ал эми «Тазалык» муниципалдык ишканасына иш-чаралар өтүп жаткан учурда жана алар аяктагандан кийин аймактарды санитардык тазалоо жана тазалыкты сактоо милдеттендирилди.
Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бардык тиешелүү кызматтарга майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, аракеттерди координациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.


