2026-жылдын 28-май күнү Бишкек шаарындагы китепканаларда китеп сүйүүчүлөрдү, илим жана маданият өкүлдөрүн, чыгармачыл интеллигенцияны бириктирген «Китептер сүйлөгөн түн» аттуу маданий-агартуу акциясы өтүүдө.
Иш-чаранын алкагында коноктор үчүн ар түрдүү программа даярдалган. Алардын катарында поэзия сааттары, тез окуу боюнча мастер-класстар, жомок окуулар, китеп жана сүрөт көргөзмөлөрү, колдонмо искусство боюнча мастер-класстар, ошондой эле концерттик жана ар түрдүү музыкалык аспаптарда аткарылган музыкалык номерлер бар. Мындан тышкары, келгендер үчүн таанып-билүүчү жана көңүл ачуучу оюндар уюштурулган.
Акциянын өзгөчө маанилүү бөлүгү — Кыргыз Республикасынын эл жазуучулары, профессорлор, филологдор жана чыгармачыл, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушуулар. Алар ачык баарлашууларды өткөрүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.
«Китептер сүйлөгөн түн» Бишкектеги китепканаларды китеп, музыка жана искусство айкалышкан жандуу маданий мейкиндикке айландырып, китеп окууга болгон кызыгууну арттырып, заманбап китепканалардын жаңы форматтарын кеңейтүүдө.

























