2026-жылдын 29-май күнү таңкы саат 4:30да «Манас» эл аралык аэропортуна VI Эл аралык балдар фольклордук «Наристе» фестивалына катышуу үчүн Румыниядан делегация келди.

Делегациянын курамында өз өлкөсүнүн фольклордук өнөрүн жана маданий салттарын тааныткан 27 катышуучу бар.

Кыргыз Республикасындагы иш сапардын алкагында конокторду бай маданий программа күтөт. Мейманканага жайгашкандан кийин фестивалдын катышуучулары Бишкек шаарынын маданий жана тарыхый жайларына, жаратылыш парктарына экскурсия жасап, ошондой эле борбор калаадагы жалпы билим берүүчү мектептерге барышат.

Мындан тышкары, делегация үчүн Ысык-Көлгө саякат уюштурулуп, катышуучулар Кыргызстандын жаратылыш байлыгы жана маданий мурасы менен таанышышат.

VI Эл аралык балдар фольклордук «Наристе» фестивалы эл аралык достукту чыңдоого, маданий алакаларды өнүктүрүүгө жана балдардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.