Бүгүн, 2026-жылдын 29-майында саат 7:25те "Манас" эл аралык аэропортуна Түркиядан келген делегация VI Эл аралык балдар фольклордук «Наристе» фестивалына катышуу үчүн келип түштү.

Делегациянын курамында 28 катышуучу бар — алар Түркиянын улуттук фольклордук искусствосун жана маданий каада-салтын тааныткан жаш артисттер жана чыгармачыл жамааттардын жетекчилери.

"Наристе" фестивалынын алкагында коноктор Бишкектеги маданий жана тарыхый жайларга, борбордогу билим берүү мекемелерине жана Ысык-Көлгө саякаттоону камтыган маданий программадан  ырахат алышат.

VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалы эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, элдердин ортосундагы достукту чыңдоого жана балдардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.