Бүгүн, 2026-жылдын 29-майында, VI «Наристе» Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын катышуучулары Монголиядан келген балдар делегациясы борбор калаанын маданий объекттерине барды.

Маданий программанын алкагында коноктор ачык асман алдындагы скульптура музейи болгон Эмен сейил багына  барып, "Оймо-2026" эл аралык фестивалынын көргөзмөсүн көрүштү.

Мындан тышкары, жаш катышуучулар Панфилов атындагы сейил багына барышып, аттракциондордо көңүлдүү убакыт өткөрүштү.

Балдар Кыргызстандын маданий мурасы, искусствосу жана каада-салттары жөнүндө билип, борбор калаадагы эс алуусунан жагымдуу таасир алышты.