Бүгүн, 2026-жылдын 29-майында VI Эл аралык балдар фольклордук "Наристе" фестивалына катышуу үчүн Беларусь Республикасынан келген делегация Бишкек шаарына келди.
Делегациянын курамында өз өлкөсүнүн балдар фольклордук өнөрүн жана маданий салттарын тааныткан 14 катышуучу бар.
Кыргыз Республикасындагы сапардын алкагында катышуучулар үчүн борбор калаанын кооз жерлери, жаратылыш объектилери жана өлкөнүн маданий мурасы менен таанышууну камтыган маданий программа даярдалган.
VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалы эл аралык достукту чыңдоого, маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана балдардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.





