Бүгүн, 2026-жылдын 29-майында, Бишкек шаарынын бардык 120 муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында "Акыркы коңгуроо" майрамына арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү.
Иш-чаралар мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин жана коноктордун катышуусунда майрамдык маанайда өттү. Бүтүрүүчүлөргө мугалимдер, мектеп жетекчилери, ата-энелер тарабынан куттуктоо жана ак жол каалоо сөздөрү айтылды.
Белгилей кетсек, 2025–2026-окуу жылында борбор калаанын мектептеринде 259 миңден ашуун окуучу окуу жылын жыйынтыктоодо. Алардын ичинен 22 061 окуучу 9-классты аяктаса, 11 869 окуучу 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болушту.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында мектептерде концерттик программалар, окуучулардын чыгармачылык номерлери жана бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземдери уюштурулду.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөрдү окуу жылынын аякташы менен куттуктап, экзамендерди ийгиликтүү тапшыруусун, жаңы жетишкендиктерди жана чоң ийгиликтерди каалайт.





