Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо, ошондой эле Бишкек шаары менен Россиянын өнөктөш шаарларынын ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Шаар мэри Россия Федерациясы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, анын ичинде бир тууган шаарлар жана өнөктөш шаарлар аркылуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Шаардык башкаруу, транспорт, санариптештирүү, билим берүү жана башка тармактарда тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.


