2026-жылдын 29-майында VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалынын алкагында Румыния, Беларусь жана Түркиядан келген делегациялар Бишкектин маданий жана тарыхый жайларына барышты.
Чет элдик коноктор үчүн борбор калаа боюнча атайын экскурсия уюштурулду. Катышуучулар Эмен сейил багында болушуп, ачык асман алдындагы скульптуралар музейи менен таанышышты, ошондой эле "Оймо–2026" эл аралык фестивалынын көргөзмөсүн көрүштү.
Экскурсия учурунда коноктор Кыргызстандын маданияты менен жакындан таанышып, кыргыз элинин улуттук искусствосу жана каада-салттары тууралуу маалымат ала алышты. Катышуучулар Бишкек шаарынын тургундарынын жылуу кабыл алуусун жана меймандостугун өзгөчө белгилеп, бул сапардан алган жаркын таасирлери менен бөлүшүштү.



