2026-жылдын 29-майында Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Кытай Эл Республикасынын Чжэнчжоу Элдик өкмөтүнүн Тышкы иштер кеңсесинин директорунун орун басары Ван Сюэбиндин жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек жана Чжэнчжоу шаарларынын ортосундагы муниципалдык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги жана өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы багыттарын талкуулашты.
Мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев конокторду тосуп алып, Бишкек шаарынын мэриясы Чжэнчжоу шаары менен өз ара кызыкчылык жараткан кеңири багыттар боюнча практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүү, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, туризм тармагында кызматташуу, шаарды башкаруу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле эки шаардын бизнес коомчулуктары менен муниципалдык бийлик органдарынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү сыяктуу келечектүү кызматташтык багыттарын аныкташты.
Тараптар Бишкек менен Чжэнчжоу ортосундагы достук мамилелер биргелешкен демилгелер жана өз ара пайдалуу долбоорлор аркылуу иш жүзүндө уланарына ишеним билдиришти.
Өз кезегинде Ван Сюэбин эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, шаарлар ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорку потенциалы бар экенин баса көрсөттү.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаары менен Чжэнчжоу шаарынын ортосунда достук алмашуу мамилелерин орнотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары чыңдоого жана шаарлар ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

.



