"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы терең кайгыруу менен 53 жаш курагында Усенбекова Алиса Турсунбековнанын мезгилсиз дүйнө салгандыгын билдирет.
Алиса Турсунбековна Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында 25 жыл бою ак ниет менен үзүрлүү эмгектенип келген. Эмгек жолун 2000-жылы баштап, 2009-жылга чейин "Кыргызэнерго" жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомунда иштеген. Ал эми 2009-жылдан 2025-жылга чейин Алиса Турсунбековна эмгек жолун "Бишкекжылуулуктармагы" ААКда (азыркы учурда «Бишкек жылуулук тармагы» МИ) уланткан.
Жогорку денгээлдеги компетенттүү, кесипкөй жана мыкты сапаттары менен айрымаланган кызматкер катары жөнөкөй адистен баштап ишкананын негизги түзүмүнүн жетекчиси кызматын аркалап, ишкананын каржылык-экономикалык пландоо, бюджеттештирүү жана аналитика иштерине жооп берген.
Алиса Турсунбековна өз ишине бүт аракетин арнап, мыкты аналитик, өзгөчө жоопкерчиликтүү адам катары таанылган. Анын энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана туруктуулугун камсыз кылууга кошкон салымы баа жеткис болуп калат.
Мындан тышкары, Алиса Турсунбековна ар тараптуу, боорукер жана жашоону сүйгөн адам эле. Мээримдүү кыз, жубай, эне жана чоң эне катары ал өз үй-бүлөсүнүн чыныгы жүрөгү, муундарды бириктирген улуу күч болгон. Ал ар дайым айланасындагыларга сүйүү, камкордук, турмуштук акылмандык тартуулап келген.
Алиса Турсунбековна артында жаркын элес калтырды. Ал көптөр үчүн үлгү болуп, кесиптештеринин, досторунун жана жакындарынын эсинде жогорку кесипкөйлүктүн, ошондой эле сезимтал жана жарык адамдын үлгүсү катары түбөлүк сакталат.
Алиса Турсунбековнанын үй-бүлөсү жана жакын туугандарына орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
