"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады.
Бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа. Учурда адистер көлдүн түбүн жана жээк тилкесин тазалоо, ошондой эле ылай, таштанды жана топтолгон калдыктарды чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.
"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы шаар аймактарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана Бишкектеги коомдук жайларды өнүктүрүү багытындагы иштерди улантууда.





