VI Эл аралык балдар фольклордук "Наристе" фестивалына Түркиядан келген катышуучулар Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен таанышуусун улантууда.

30-май күнү фестивалдын маданий программасынын алкагында жаш коноктор Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде болушту. Экскурсиянын жүрүшүндө алар кыргыз элинин тарыхын, маданий мурасын жана улуттук каада-салттарын чагылдырган белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана айкелчилеринин чыгармалары менен таанышышты.

Музейге болгон сапар маданий алмашуунун маанилүү бөлүгү болуп, элдер ортосундагы достукту чыңдоого жана фестивалдын катышуучуларынын дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түздү. Жаш коноктор Кыргызстандын бай көркөм мурасы жана улуттук баалуулуктары тууралуу кеңири маалымат алышып, өлкөнүн маданиятына жакындан күбө болушту.