2026-жылдын 28-майында турмуштук оор   кырдаалга туш болгон балдарды реинтеграциялоочу «Айданек» борборунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.

Борбордун тарбиялануучулары үчүн ийрим жетекчилери, тарбиячылар жана балдар менен биргеликте даярдаган концерттик программа уюштурулду. Иш-чаранын алкагында "Белоснежка жана жети эргежээл" , «Бремен музыканттары» жомокторунун театрлаштырылган коюлумдары тартууланды. Борбордун бардык тарбиялануучулары майрамдык программага жигердүү катышып, конокторго кубаныч жана жакшы маанай тартуулашты.

Иш-чара балдарды боорукердикке, достукка жана өз ара жардамдашууга тарбиялоого, ошондой эле алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн арттырууга жана инсан катары гармониялуу өнүгүүсүнө багытталган.

Майрамга Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова, Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.

"Айданек" оор турмуштук кырдаалдагы балдарды реинтеграциялоо борбору оор турмуштук кырдаалдагы балдарга социалдык, психологиялык жана педагогикалык жактан комплекстүү колдоо көрсөтүп, алардын коомго ыңгайлашуусуна, өнүгүүсүнө  шарт түзөт.

Мындай иш-чаралар балдарга социалдык колдоо көрсөтүүгө, алардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө, чыгармачылык потенциалын ачууга жана бош убактыларын мазмундуу уюштурууга өбөлгө түзөт.

Майрамдык иш-чаранын аягында коноктор тарабынан балдарга белектер тапшырылды.