Бүгүн, 2026-жылдын 30-майында, Бишкек шаарына VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалына катышуу үчүн Казакстан Республикасынан делегация — "Алты Арай" бий ансамбли келди.
Делегациянын курамында 12 катышуучу бар. Фестивалдын программасынын алкагында ансамбль улуттук бийдин өзгөчөлүгүн чагылдырган "Желканат кыздар бийи" хореографиялык композициясын тартуулайт.
"Алты Арай" ансамблинин катышуусу боордош элдердин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаш аткаруучулардын арасында чыгармачылык тажрыйба алмашууга салым кошот.
VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалы дүйнө жүзүндөгү таланттуу балдарды бириктирип, улуттук маданиятты, музыканы жана бийди жайылтуу, ошондой эле элдер ортосундагы маданий диалогду жана достукту өнүктүрүү үчүн платформа түзөт.



