Бүгүн саат 20:00дөн кийин Бишкек шаарынын коомдук жайларында жашы жете элек балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Рейддер Бишкек шаарынын ИИББ кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, муниципалдык администрациялардын өкүлдөрү жана райондук билим берүү башкармалыктары менен биргеликте уюштурулган.
Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаадагы мектептерде акыркы коңгуроо кагылды. Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларга көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы түшүндүрүлгөн. Бул маалымат ата-энелерге да кол коюу аркылуу жеткирилген.
Мындан тышкары, Билим берүү департаменти тарабынан жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулуп, алар жашы жете элек балдарга байланыштуу мүмкүн болгон маселелерди ыкчам чечүү үчүн дайыма байланышта болушат.
Ошондой эле, жашы жете элек балдарга ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз саат 23:00дөн кийин коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынарын эскертебиз.
Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерди балдарынын кайда жүргөнүнө көзөмөлдү күчөтүүгө жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.






