2026-жылдын 21–23-май күндөрү Талас шаарында СССРдин спорт чебери жана СССР элдеринин Спартакиадасынын байге ээси Анатай Ибраимовдун жаркын элесине арналган жеңил атлетика боюнча республикалык мелдеш болуп өттү.
Мелдештин программасына 100 метр, 800 метр, 1000 метр, 2000 метр жана 3000 метр аралыкка чуркоо боюнча жарыштар киргизилди.
Мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 100дөн ашуун спортчу катышты. Алардын катарында Бишкек шаарындагы С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика бөлүмүнүн 16 тарбиялануучусу да күч сынашты.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясы, Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Талас шаарынын дене тарбия жана спорт сектору, ошондой эле Талас шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби уюштурду.

