30-май күнү VI Эл аралык балдар фольклор "Наристе" фестивалынын маданий программасынын экинчи күнүнүн алкагында Түштүк Корея жана Монголия делегациялары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө жаш коноктор музейдин бай коллекциясы менен таанышып, көрүнүктүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана айкелчилеринин эмгектерин көрүштү. Катышуучуларга Кыргызстандын көркөм сүрөт искусствосунун өнүгүү тарыхы, улуттук салттары жана маданий мурасы тууралуу кеңири маалымат берилип, алардын музейдеги чыгармаларда чагылдырылышы көрсөтүлдү.
Музейге болгон сапар фестивалдын жаш катышуучуларын Кыргызстандын маданияты жана искусствосу менен тааныштырууда маанилүү орунду ээлеп, өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды жана маданий кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.
Эске салсак, VI Эл аралык балдар фольклордук "Наристе" фестивалы Бишкек шаарында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген чыгармачыл жамааттардын катышуусунда өтүүдө.






