2026-жылдын 27–29-май күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында кыздар жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия кубогу өттү.
Мелдешке 11 мамлекеттен келген 692 спортчу катышып, ар кандай салмак категорияларында күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында Бишкек шаарындагы спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары ийгиликтүү оюн көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлешти:
•Акматова Сумая (+70 кг) - 1-орун;
•Ырысдолотов Мухаммедали (90 кг) - 3-орун.



