2026-жылдын 30-майынан тарта Бишкек шаарында №36 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүү киргизилип, "Анар-Бак" конушу камтылды.
Бул чечим аталган конуштун тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Эске салсак, «Анар-Бак» конушунда коомдук транспортту уюштуруу маселеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин Октябрь районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн.
Шаар мэринин тапшырмасынын негизинде бул маселе ыкчам түрдө көзөмөлгө алынып, тургундардын кайрылуусу кыска мөөнөттө аткарылды.
