Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, кызматтын ардагерлери, учурдагы кызматкерлер жана башкалар катышты.

Борбор калаанын башчысы куткаруучуларга кайрылып, төмөнкүлөргө токтолду:

"Куткаруучу болуу  бул жөн гана кесип эмес, бул эркти, туруктуулукту, чыдамкайлыкты жана адамкерчиликти талап кылган ыйык милдет. Сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздер коом үчүн баа жеткис. Башкаларды куткаруу үчүн өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салып, чыныгы патриоттуулукту жана эң бийик адамдык сапаттарды көрсөтүп келесиздер.

Акыркы 25 жылдын ичинде куткаруу кызматы шаарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Материалдык-техникалык база чыңдалып, адистердин кесипкөйлүгү жогорулап, заманбап технологиялар ишке киргизилүүдө. Бул жетишкендиктердин артында сиздердин жан аябаган эмгегиңиздер, тажрыйбаңыздар жана Мекенге болгон берилүү турат.

Бишкек шаарынын тургундары сиздердин ишиңиздерди жогору баалап, чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришет.

Бул күнү куткаруу кызматынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин бай тажрыйбаңыздар, көп жылдык эмгегиңиздер жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымыңыздар чоң мааниге ээ. Бүгүнкү жетишкендиктер дал сиздер тараптан түптөлгөн бекем пайдубалдын аркасында мүмкүн болду".

Иш-чаранын соңунда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.