Бишкек шаарынын мэриясынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий геомаалыматтык өнөктөшү болду.

Тараптар тиешелүү кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту. Макулдашуу эл аралык иш-чаранын катышуучулары жана коноктору үчүн санариптик колдоо көрсөтүү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында түзүлдү.

Өнөктөштүктүн алкагында "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коноктору үчүн атайын сервистер жана интерактивдүү мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү болот. Колдонуучулар шаттл-автобустардын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде көрө алышат, объекттер боюнча навигацияны пайдаланып, аянтчалар, маршруттар жана башка сервистер тууралуу маалымат алышат.

Кызматташтык иш-чараны заманбап санариптик коштоо менен камсыздап, "Менин шаарым" бирдиктүү шаардык платформасы аркылуу катышуучулар жана көрүүчүлөр үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.