Бишкек шаарынын мэриясы социалдык тармактарда бак-дарактарды кыюу видеосу тараганын маалымдайт.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, бак-дарактарды кыюу иштери шаардын тургуну тарабынан тиешелүү уруксатсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталды.
Шаар тургунуна карата административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүлдү. Ал аныкталган тартип бузуулар менен макул болду, буга байланыштуу айып пул салуу жөнүндө тиешелүү токтом чыгарылды.
Ошондой эле жаран тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча милдеттенме алынып, аталган иштер бүгүнкү күндүн ичинде аткарылары белгиленди.