Бүгүн, 2026-жылдын 30-майында, Бишкек шаарына VI Эл аралык "Наристе" балдардын фольклордук фестивалына катышуу үчүн Өзбекстандан чыгармачыл делегация келди.

Топтун курамына өз өлкөсүнүн улуттук искусствосун, элдик бийлерин, музыкалык номерлерин жана маданий салттарын тартуулай турган 13 жаш талант кирди.

Фестивалдын максаты маданий алмашууну өнүктүрүү, ар кайсы мамлекеттердин балдары ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана чыгармачыл жамааттарды колдоо болуп саналат.

Эл аралык "Наристе" фестивалы жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген таланттуу катышуучулардын башын бириктирип, ар улуттун маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары менен таанышууга өзгөчө аянтча болуп берет.