Бүгүн, 2026-жылдын 30-майында, Бишкек шаарына VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалына катышуу үчүн Пушкин шаарынан (Орусия Федерациясы) делегация келди.
"Наристе" эл аралык балдар фольклордук фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн балдарынын ортосундагы достукту чыңдоо, эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана элдик чыгармачылыкты сактоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Бишкек шаарынын мэриясы Пушкинден келген делегацияны жылуу тосуп алып, катышуучуларга ийгиликтүү өнөрлөрүн көрсөтүп, жаңы достор менен баарлашып жана эсте калаарлык күндөрдү өткөрүүнү каалайт.



