Бүгүн, 2026-жылдын 30-майында саат 19:00дө VI Эл аралык балдар фольклордук "Наристе" фестивалына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарынын делегациясы Бишкек шаарына келди.

Делегациянын курамында балдардын фольклордук өнөрүн, улуттук маданиятын жана салттарын тааныткан 21 катышуучу бар.

Санкт-Петербургдан келген делегациянын катышуусу фестивалдын эл аралык макамын дагы бир жолу тастыктап, мамлекеттер ортосундагы маданий кызматташтыктын кеңейип жатканын көрсөтөт.

Быйылкы фестиваль дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген катышуучуларды бириктирип, концерттик, билим берүүчү жана маданий иш-чараларга бай программа менен өтүүдө.

VI Эл аралык балдар фольклордук "Наристе" фестивалы салтка айлангандай эле улуттук маданиятты, музыканы жана бий өнөрүн чагылдырган балдар чыгармачыл жамааттарын бир аянтчага чогултуп, маданий диалогду өнүктүрүүгө, чыгармачылык тажрыйба алмашууга жана эл аралык достук байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.