Бүгүн, 2026-жылдын 31-майында, Бишкек шаарында дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген жаш таланттардын башын бир маданий аянтчага бириктирген VI Эл аралык "Наристе" балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Салтанаттуу ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Фольклордук уюмдардын жана салттуу искусствонун эл аралык кеңешинин (CIOFF) президенти Кристиан Идальго-Маццейни, ошондой эле ардактуу коноктор, чыгармачыл жамааттардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев фестивалдын катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо маданияттын маанилүү ролун белгилеп, балдардын каада-салтты сактоодо өзгөчө миссияны аткараарын баса белгиледи.
"Бишкекте дүйнөнүн ар тарабынан келген досторубузду кайрадан тосуп алуу биз үчүн чоң сыймык. Кыргыз жергесинде өз элинин маданияты, искусствосу менен бөлүшүү үчүн келген чыгармачыл жамааттарды, педагогдорду жана жаш таланттарды көрүп жатканыбызга чын жүрөктөн кубанычтабыз. Фестивалдын өзгөчө баалуулугу — анын башкы каармандары балдар экенинде. Алар музыка, бий, элдик аспаптар, кол өнөрчүлүк жана чыгармачылык аркылуу өз тарыхын сыйлоого, ошону менен бирге башка элдердин маданиятынын байлыгын таанууга үйрөнүшөт. Маданият элдердин ортосундагы эң ишенимдүү көпүрө бойдон калууда, ал эми балдар тынчтыктын, достуктун жана өз ара урматтоонун эң мыкты элчилерине айланышат», — деп баса белгиледи шаар мэри Айбек Джунушалиев.
Бул жылы катышуучулардын арасында Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея Республикасы, Турция, Румыния, Россия Федерациясы, Өзбекстан жана Кыргызстан өкүлдөрү болду. Жылдар өткөн сайын фестивалдын географиясы бир топ кеңейип, 20дан ашык өлкөдөн катышуучуларды бириктирди.
Фестивалдын программасына элдик бий жана аспаптык топтордун концерттери, мастер-класстар, эл аралык конференциялар, элдик кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөлөрү, маданий долбоорлордун презентациялары жана Бишкектин тарыхый жана маданий жайларына экскурсиялар кирет.
"Наристе" фестивалы дүйнө элдеринин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү жана балдардын чыгармачылыгын колдоо үчүн маанилүү эл аралык платформа болуп саналат.
Фестивалдын алкагында 1-июнда саат 17:00дө Ала-Тоо аянтында фестивалдын чыгармачыл топторунун жана аткаруучулардын катышуусундагы гала-концерт өтөт. Майрамдык программа Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган балдар дискотекасы менен аяктайт.


































