Бүгүн, 2026-жылдын 1-июнунда, Бишкек мэриясынын "Тунгуч" залында VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалынын алкагында өтүп жаткан «Глобалдашуу мезгилиндеги маданиятты өнүктүрүүнүн фактору катары маданияттар аралык диалог» аттуу III Бишкек маданияттар форумунун ачылышы болду.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Дельфий комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анарбек Ибраев ошондой эле чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери катышты.
Борбор калаанын башчысы форумдун катышуучуларын куттуктап, эл аралык кызматташтыктын, тажрыйба алмашуунун жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Бүгүн Бишкек кайрадан достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана маданий кызматташтыктын аянтчасына айланууда. Азыркы тапта дал ушул маданият элдерди бириктирген, улуттук өзгөчөлүктү сактоого көмөктөшкөн жана өз ара урматтоого, тынчтыкка жол ачкан көпүрө бойдон калууда», — деди борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев.
Ошондой эле калаа башчысы "Наристе" фестивалынын өсүп келе жаткан муунду ар кыл элдердин маданий каада-салттары менен тааныштыруу, маданий көп түрдүүлүктү урматтоого тарбиялоо жана эл аралык достукту чыңдоо аянтчасы катары маанилүүлүгүн белгиледи.
Форумдун алкагында Канада, Словения, Корея Республикасы, Греция, Хорватия, Казакстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү баяндамаларды жана докладдарды жасашты.
Катышуучулар глобалдашуу шартында маданияттын жана искусствонун өнүгүшүн, эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо маданияттар аралык диалогдун ролун жана биргелешкен маданий долбоорлордун келечегин талкуулашты.
Форум тажрыйба алмашуу, маданий чөйрөдөгү учурдагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн аянтча болуп кызмат кылды.









