Бүгүн, 2026-жылдын 1-июнунда, Ала-Тоо аянтында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп жатат.
Кичинекей шаар тургундары үчүн кызыктуу көңүл ачуучу жана таанып-билүүчү программа уюштурулду. Майрамдын алкагында кол өнөрчүлүк, оригами, бисер токуу жана жасалгалоо өнөрүнүн башка түрлөрү боюнча мастер-класстар өткөрүлүүдө. Бул сабактарды Бишкек шаарынын Балдар чыгармачылык борборлорунун мугалимдери өткөрүп жатышат.
Белгилей кетсек, борбор калаада балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү багытында кошумча билим берүүчү алты уюм иш алып барат. Балдар үчүн бардык ийримдер жана сабактар акысыз негизде жүргүзүлөт.
Майрамдык программа кечинде да уланарын эскертебиз. Саат 17:00дө фестиваль катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда майрамдык концерт болот.
Бишкек шаарынын мэриясы шаардын кичинекей тургундарын жана алардын ата-энелерин Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктап, балдарга бекем ден соолук, бактылуу балалык, жаңы ийгиликтерди жана жакшы маанай каалайт.



